Шайлоо-2022: Милиция Муртазалиевдин эки үгүтчүсүн «добуш сатып алууга» шектеп кармады

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевдин эки үгүтчүсүн «добуш сатып алууга» шектеп кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан 22-февралда кабарлашты.

Милициядан билдиришкендей, алгач 7-февралда укук коргоо органдарына «белгисиз адамдар талапкерге үгүт жүргүзүп, шайлоочуларга акча сунуштап жатат» деген ыкчам маалымат түшкөн.

Ал эми 21-февралда «С.Л.» жана «Т.Ф.» аттуу аялдар кармалышкан. Алар өз ыктыяры менен төрт даана тилкат, жети баракта шайлоочулардын тизмесин жана добуш сатып алууга багытталган 210 миң сомду өткөрүп беришкен.

Милициядан кармалгандар талапкер Муртазалиевдин пайдасына иштегенин белгилешти. Бишкек ШИИБи «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

Ал эми Муртазалиев Инстаграм баракчасында шектүүлөр анын үгүтчүлөрү эместигин билдирди.

Муртазалиев джиу-джитсу жана грэпплинг боюнча спорт чебери. Ошондой эле ал Джиу-джитсу улуттук федерациясынын президенти. Муртазалиев 2017-жылы грэпплинг боюнча Азия чемпиону, 2019-жылы джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиону болгон.

27-февралда аталган эки округда кайра шайлоо өтөт. №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу округдарынан кайра шайлоого катышуу үчүн 53 талапкер катталган.