ТИМ: Казак чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулу камактан бошотулду

2021-жылдын 10-январында казак чек арачылары тарабынан кармалган кыргызстандык Сыймык Өмүрбек уулу камактан бошотулду. Бул тууралуу кыргыз ТИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 23-февралда Алматы облусунун №2 Райымбек райондук сотунда сот жыйыны өтүп, Өмүрбек уулунун ишим каралган. Ал кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө айыпталган.

ТИМ билдиргендей, сот ага Казакстандын аймагынан 5 жылдык мөөнөткө чыгаруу менен кошо айып салган.

«Жакынкы күндөрү [Сыймык Өмүрбек уулу мекенине кайтарылат]», — деп кошумчалашты ТИМден.Кыргызстандыктын коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан кармалганын 12-январда депутат Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыккан. Сыймык Өмүрбек уулунун апасынын айтымында, 10-январь күнү уулу Ысык-Көлдүн Түп районунун Каркыра жайлоосунда мал издеп жүрүп байкабай Казакстандын чек ара сызыгынан өтүп кеткен. Аны ошол жерден кармашкан.

Кийинчерээк ал президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден уулун кайтарып келүүгө жардам сурап кайрылган. Буга чейин ТИМ Өмүрбек уулунун маселеси «өзгөчө көзөмөлдө» экенин билдирген.