Баткен окуясында жабыркагандар кошумча ар айлык төлөмдөрдү алышат

2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркагандар менен каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү ай сайын кошумча жөлөкпул алышат. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Төлөмдөр төмөнкүлөргө берилет:

  • курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;
  • курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар (майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин).

Баткенде жабыркагандар үчүн компенсация

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан эки ай өткөндөн кийин минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев отчёт берип, компенсация төлөө үчүн бюджеттен жалпы-жонунан 52 млн 556 миң сом бөлүнгөнүн айтып берген.

Тема боюнча окуңуз: Инфографика. Тажикстандын аскерий агрессиясынан жабыркаган Баткендин тургундары

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган.

Эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Тажикстан тарап куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө 19 жараны каза таап, 87 киши жарадар болгонун билдирген.

Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.