УКМК Сузакта салык инспекторун пара алып жаткан жеринен кармады

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча инспектору 23-февралда пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтан, шектүү Жалал-Абад шаарынын тургунун патентин жаап, салык карызын «оң жагына чечип берүү үчүн» акча опузалаганын билдиришти.

УКМК «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, инспекторду паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармаган. Шектүү Жалал-ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК 9-февралда Жазаларды аткаруу кызматынын улук кызматкерин жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кишиден пара опузалаганы үчүн кармаган. Атайын кызмат шектүү 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгонду «башка түзөтүү мекемесине өткөрүп салам» деп коркутуп акча алып жүргөнүн аныктаган.