УКМК товар жеткирүүчүлөрдөн пара опузалоого шектеп салык кызматкерлерин кармады

УКМК «Ак-Тилек-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жайгашкан Мамлекеттик салык кызматынын жана салмак-габариттик көзөмөл пунктундагы коррупциялык схеманын бетин ачты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан «аталган кызматкерлер товар жеткирүүчүлөрдөн Кыргызстанга товарды тоскоолдуксуз, текшерүүдөн өтпөй, салык төлөмдөрүн төкпөстөн алып өтүү үчүн пара талап кылган» деп белгилешти.

«Салык кызматынын жооптуу кызматкерлери ар бир жүк ташуучу унаадан үч миңден он миң сомго чейин опузалашкан. Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун кызматкерлери дагы ашыкча жүктү текшербей, ар бир унаадан эки миң сомдон алып турган», – деп билдиришти ведомстводон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2022-жылдын 25 февралында көзөмөл пунктунун кызматкерлерин 13 миң жана 12 миң пара алып жаткан жеринен кармаган. Ошондой эле мамлекеттик салык кызматынын кызматкери 5500 сом алып жаткан жеринен кармалган.

Кармалагандар УКМКнын ТИЗОна киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Тема боюнча:

УКМК Сузакта салык инспекторун пара алып жаткан жеринен кармады