Жалал-Абад: Кар көчкүдө калган бир кытай жаранынын сөөгү табылды

ӨКМдин куткаруучулары Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун Тогуз-Торо району тарабында «Чайна Роуд» ишканасынын көчкү басып калган дагы бир кызматкеринин сөөгүн табышты.

44 жаштагы кытай жаранынын сөөгү 26-февраль күнү саат 15:30да издөө жана унаа жолду тазалоо иштери жүрүп жатканда табылган. Учурда анын аты-жөнү такталып жатат.

Кар көчкүдө калгандарды издеп жаткан куткаруучулар. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ошол эле күнү түшкү саат 12:30дар чамасында куткаруучулар кар көчкүнүн астында калган 24 жаштагы Адилет Көккөзовдун сөөгүн табышкан.

Көчкү басып калган дагы эки кытай жаранын издөө иштери уланууда. Кар көчкү баскан аймакта ӨКМдин 74 куткаруучу, «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясынын жети атайын техникасы, УКМКнын Чек ара кызматынан төрт кызматкер, тез жардам кызматынан бир бригада жана төрт милиция кызматкери иш алып барууда.

Төрт кишини басып калган кар көчкү

14-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда эки жолу кар көчүп, төрт киши дайынсыз жоголгон. Дагы үч киши түрдүү жаракаттарды алып ооруканага түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгач Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк тарабында болжол менен саат 12:30 чамасында кар көчкөнүн билдирген.

Анын кесепетинен «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясынын үч кызматкери — экөө кытай, бирөө кыргыз жараны — жана кар тазалоочу техникалар кар астында калган.

Алар тоннелден Казарманды карай кеткен жолдо тазалоо иштерин жүргүзүп жатышканда кырсыкка кабылышкан. Ошондой эле кардын алдында «НИВА» үлгүсүндөгү унаа, экскаватор жана жүктөөчү техника калган.

Ошол эле күнү саат 17:30 чамасында тоннелдин түштүк тарабында экинчи жолу кар көчүп, пикап унаасын жана вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам жабыркап, бир киши дайынсыз болгону кабарланган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Жалал-Абад: Көчкү алдында калган төрт киши бир жумадан бери табылбай жатат

Жалал-Абад: Кар көчкүнүн алдында калган Адилет Көккөзовдун сөөгү табылды