Жалал-Абад: Кар көчкүнүн алдында калган Адилет Көккөзовдун сөөгү табылды

Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун Тогуз-Торо району тарабында көчкү басып калган 24 жаштагы Адилет Көккөзовдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маркумдун жана дагы эки кытай жаранынын сөөгү 10 күндөн бери табылбай жаткан. ӨКМден куткаруучулар Көккөзовдун сөөгүн 26-февралда түшкү саат 12:30дар чамасында өзү айдап жүргөн жүктөгүч техниканын ичинен табышканын кошумчалашты. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Көчкү басып калган кытай жарандарын издөө иштери уланууда. ӨКМдин 74 куткаруучу, «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясынын жети атайын техникасы, УКМКнын Чек ара кызматынан төрт кызматкер, тез жардам кызматынан бир бригада жана төрт милиция кызматкери иш алып барууда.

Адилет Көккөзов баштаган төрт адам көчкү алдында калгандан кийин 14-февралдан бери куткаруучулар менен бирге кыргызстандыктын жакындары дагы издөө иштерине кошулган болчу.

Маркумдун туугандары Адилет үйдүн жалгыз баласы экенин, «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясында иштеп жатканына 5 ай гана болгонун айтышкан. Кырсык болгон күнү аны кар көчкүнү тазалоо үчүн чыгарышкан, бирок иштеп жатканда кайрадан кар көчүп Адилетти басып калган.

Төрт кишини басып калган кар көчкү

14-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда эки жолу кар көчүп, төрт киши дайынсыз жоголгон. Дагы үч киши түрдүү жаракаттарды алып

ооруканага түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгач Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк тарабында болжол менен саат 12:30 чамасында кар көчкөнүн билдирген.

Анын кесепетинен «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясынын үч кызматкери — экөө кытай, бирөө кыргыз жараны — жана кар тазалоочу техникалар кар астында калган.

Алар тоннелден Казарманды карай кеткен жолдо тазалоо иштерин жүргүзүп жатышканда кырсыкка кабылышкан. Ошондой эле кардын алдында «НИВА» үлгүсүндөгү унаа, экскаватор жана жүктөөчү техника калган.

Ошол эле күнү саат 17:30 чамасында тоннелдин түштүк тарабында экинчи жолу кар көчүп, пикап унаасын жана вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам жабыркап, бир киши дайынсыз болгону кабарланган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Жалал-Абад: Көчкү алдында калган төрт киши бир жумадан бери табылбай жатат