Балбан Алмаз Сманбеков Түркиядагы турнирде алтын байгени багындырды

Кыргызстандык спортчулар 24-27-февралда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн эркин күрөш боюнча Yasar Dogu эл аралык мелдешинде байгелүү орундарга чыгышты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында кабарланды.

57 кг салмакка чейинки таймашта балбан Алмаз Сманбеков алтын медалды багындырды. Мелдештин финалында ал грузиялык атаандашы Беку Баджиашвилини жеңген.

Ал эми балбандар Улукбек Жолдошбеков, Исламбек Орозбеков, Арслан Будажапов коло медалга ээ болушту.

Жыйынтыгында Кыргызстан жалпы медалдык тизмеде бешинчи орунга чыкты.

25-февралда балбан кыз Айпери Медет кызы дагы 76 кг салмак категориясында алтын байгени уткан. Финалдык беттеште Медет кызы австралиялык Мартина Куэнцти 6:4 эсебинде жеңген.

Ал эми спортчу Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынган. Финалда ал нигериялык Блессинг Оборудудудан жеңилген.