Кайра шайлоо. «Клооп» кандай бузууларды каттады?

«Клооптун» байкоочулары 27-февралда өткөн парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүштү. Бул күнү шайлоочулар парламенттин дагы эки депутатын тандоо үчүн добуш беришти. 2021-жылдын ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Свердлов жана Биринчи май шайлоо округдарында «баарына каршы» добуш бергендер эң көп болгондуктан аталган эки участокто кайра өткөрүлдү.

Бул жолку кайра шайлоого ондогон талапкерлер катышты. Алардын айрымдары буга чейинки парламенттик шайлоого башка шайлоо округдарынан аттанышып, өтпөй калышкан. Дагы башкалары мурда деле саясатта жүргөнү менен 2021-жылдын ноябрындагы парламенттик шайлоого катышышкан эмес. Биринчи жолу ат салышкандар да болгон.

АСУнын эсебине ылайык, талапкерлер Элвира Сурабалдиева жана Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга чыгышты. Кол санактын акыркы жыйынтыгы азырынча чыга элек. Жалпысынан эки округда шайлоочулардын тизмесине киргизилген 220 миңге чукул адамдын ичинен 52 адам добуш берди.

Бул жолку шайлоо кандай өттү?

«Клооптун» байкоочуларынын маалыматында, бул жолку шайлоодо бузуулар көп деле болгон жок. Бирок айрым участкалардагы байкоочуларга кысым көрсөтүп, шайлоого байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылынганы байкалды. Кээде УШК мүчөлөрү айрым эреже бузуулар баары бир деле шайлоо мыйзамдарын бузуу болуп саналаарын түшүнбөй, кээ бир эреже бузууларга олуттуу карашкан эмес.

Айрым учурлар бузуу деп саналбаганы менен шек туудурат. Мисалы, шайлоочулардын номерлерин белгилөө.

«Клооптун» байкоочулары айрым участкаларда добуш берген адамдарды белгилешкенин байкашкан. Мисалы, мындай нерсе №1337 участкасында болгон, ал жерде аял маалыматтарды блокнотуна түшүргөн.

№1313 шайлоо участогунда талапкер Шайлообек Атазовдун командасынан байкоочу болуп келгенин айткан аял да шайлоочуларды белгилеп, маалыматтарды телеграммга жиберип жатты.

№1213 участкасында дагы Элвира Сурабалдиеванын байкоочусумун деген аял шайлоочулардын номерлерин белгилеп отурду.

№1330 шайлоо участогунда дагы шайлоочулардын номерлери катталып, жаш жигит маалыматтарды WhatsApp аркылуу кимдир бирөөгө жөнөтүп жатты.

Ал эми үгүт материалдарынын участокто болушу дагы эреже бузуу болуп саналат.

Мисалы №1313 участогуна шайлоочу Абдурахманхаджи Муртазалиевдин китепчесин көтөрүп келген. Кийин ал аял кимге добуш берерин унутуп калбаш үчүн көтөрүп алганын айткан. Бирок эреже боюнча, шайлоо участогунун аймагына кандайдыр бир үгүт материалдарынын болушу мыйзам бузуу деп саналат.

Ушундай эле жагдай №1317 участогунда да байкалган, ал жерде дагы шайлоочу Муртазалиев тууралуу үгүт материалын көтөрүп келген.

Байкоочулар добуш берүүнүн купуялуулугу бузулган учурларды да катташты. Алардын биринде — №1242 шайлоо участогунда — шайлоочулар чогуу добуш беришкен, ал эми УШК мүчөлөрү аларды көрүп турса да чара көрүшкөн эмес.

№1044 шайлоо участогунда УШК мүчөсү АСУга өтө жакын турган, бул дагы добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу болуп эсептелет.

№1347 шайлоо участогунда добуш берүү урнасы туура эмес пломбаланган, бул дагы шайлоо эрежесин бузуу болуп саналат.

Свердлов районундагы №1349 шайлоо участогунда АСУ добуш берүү кабиналарынан өтө алыс коюлган. Мыйзам боюнча, алардын аралыгы 1,5 метрден ашпашы керек.

Ушундай эле жагдай №1256 шайлоо участогунда да байкалган. Байкоочулар бул боюнча УШК мүчөлөрүнө бул эреже бузуу экенин айтканда, аларга орой түрдө жооп беришкен. УШК мүчөлөрү АСУнун орду которулса, урна иштебей калат дешкен.

Ушул эле участокто байкоочуларга шайлоого жүрүшүнө байкоо салууга тоскоолдук жаратышкан. №1044 шайлоо участогунда дагы байкоочулардын ишине тоскоолдук кылынган.

№1225 шайлоо участогунда УШК мүчөлөрү система мурадарак идентификациядан өткөнүн көрсөткөн шайлоочуну добуш берүүгө киргизишкен. Идентификациялоочу аппарат бир адам бир гана жолу добуш бериши үчүн керек. Комиссиянын төрагасы муну «оператор шайлоочунун паспортун аппараттан алып чыгууну унутуп коюп, ошондуктан эки жолу сканерден өткөрүлүптүр» деп түшүндүрдү.

№1318 участогунда шайлоочу добуш бере турган кабинада телефон менен сүйлөшкөн. Байкоочунун айтымында, ал телефондон кимге добуш берерин сураган. Байкоочулардын эскертүүсүнөн кийин телефонун чөнтөгүнө салган.

Үгүт иштеринин жүрүшүндө да бузуулар болгон. БШК 38 арыз келип түшкөнүн, анын 11и ИИМде каралбай калганын билдирген. Ошого карабастан бир кылмыш иши козголуп, үч бузуу фактысы каралып жатканын, калган фактылар боюнча эскертүү берилип айып пул салынган.