Кол санактын жыйынтыгы: Сурабалдиева менен Муртазалиев эң көп добуш алды

Элвира Сурабалдиева жана Абдурахманхаджи Муртазалиев.

Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округундагы Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Эки округ боюнча жалпы 219 654 шайлоочу болсо, 22,27%ы шайлоого катышты.

Биринчи май округу

Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгында Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайрадан эле экс-депутат Элвира Сурабалдиева алдыга чыкты. Ага 9 225 киши же жалпы шайлоочулардын 47,97%ы добуш берди.

Сурабалдиевага чейин Жогорку Кеңешке бир мандатуу округдардан катышкан аял талапкерлер атаандаштарын ута алган эмес. Эгерде Сурабалдиева мандат алса, анда ал Жогорку Кеңештин курамындагы бир мандаттуу шайлоо округунан жеңип келген биринчи аял депутат болот.

Сурабалдиева 2015-жылы КСДП партиясы менен Жогорку Кеңешке келип, 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин ал вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2021-жылдын февралына чейин иштеген.

Ал эми экинки орунду мурдагы депутат Нурбек Тотонов алды. Анын таларкерлигин шайлоочулардын 18,43%ы же 3 544 киши колдоду.

Биринчи май шайлоо округу боюнча жалпы 113 105 шайлоочу бар, алардын 19 982си же 17,67%ы кайра шайлоого катышты.

Свердлов окуругу

Ал эми кол менен эсептөөнүн негизинде Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңүүчү болду. Муртазалиев үчүн 5 806 адам же шайлоочулардын 19,52%ы добуш берди.

Аталган округда 106 549 шайлоочу бар, алардын ичинен 33 047 киши же жалпы шайлоочулардын 31,02%ы кайра шайлоого катышты.

Абдурахманхажи Муртазалиев 27 жашта. Ал «ЭкоИсламикБанктын» директорлор кеңешинин төрагасы Шамил Муртазалиевдин баласы. Ал Джиу-джитсу улуттук федерациясынын президенти. Муртазалиев 2017-жылы грэпплинг боюнча Азия чемпиону, 2019-жылы джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиону болгон.

21-февралда Бишкек милициясы добуш сатып алууга аракет кылган эки жаран кармалганын билдирген. Алар Свердлов районунан кайра шайлоого катышып жаткан талапкердин үгүтчүлөрү экенин билдирген. Милиция алар Абдурахманхажи Муртазалиев жөнүндө болуп жатканы белгилүү болгон.

Муртазалиев шайлоонун жыйынтыгы тууралуу «Азатыкка» маек куруп «милиция кармаган үгүтчүлөрдү тааныбайм» деп билдирген.

«Мен ишенбей турам. 27 жашымда чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезип турам. Шайлоочулардын ишеничин актаганга болгон күчүмдү жумшайм. Ал эми милиция кармап алган үгүтчүлөрдү тааныбайм. Алар менен кийин штабдан тааныштым. Алардын айтымына караганда, атайын уюштурулган иш болгон экен. Азырынча башка эч нерсе айта албайм», — деди ал.

Ал эми Свердлов шайлоо окургу боюнча Муртазалиевден 418 добуш аз алган Шайлообек Атазов экинчи орунду ээледи. Ага 5 383 адам же жалпы шайлоочулардын 18,10%ы добуш берди.

Атазов 2021-жылдын 7-мартында «Ата Мекен» фракциясынын Жогорку Кеңешке депутат болгон. Ошол эле жылы өткөн парламенттик шайлоого ал №8 Төлөйкөн шайлоо округунан катышып, бирок Нурбек Алимбековго жеңилип калган. Алар бири-бирин добуш сатып алууга айыптап, сотко чейин кайрылышкан.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Алдын ала жыйынтык: Биринчи май округу боюнча Элвира Сурабалдиева алдыда

Алдын ала жыйынтык: Свердлов округу боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыда