Украинадагы кыргыздар өздөрүнүн «кенебестигинен» улам өлкөдөн чыга албай жатат — элчи

Украинадагы айрым кыргызстандыктар паспорттору жоктугунан же анын жараксыз болгондугунан өлкөдөн чыга албай жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук барагына жазды.

Ал «Украинадагы кыргызстандыктар сактоого тийиш жалпы эрежелерге жоопкерчиликсиз мамиле кылышкан» деп эсептейт.

«Аскердик жаңжал башталганда элчиликке 50 кыргызстандык кайрылган. Алар паспорттору жок же жарактуу мөнөтү өтүп кеткендиктен мекенине кайтуу үчүн күбөлүк алууну каалашкан. Ата-энелер Украинада төрөлгөн балдарына документ алууга же мөөнөтү өтүп кеткен документтерди алмаштырууга жарашкан эмес. Же алар эбак эле Украинанын жарандыгын алып, кыргыз паспортунун мөөнөтүн узартууга муктаждык болгон эмес», — деп жазды элчи.

Кадыркуловдун айтымында, «айрым жарандар бир нече жолу өлкөдөн чыгып кетүү сунушталганына карабастан, кооптуу болуп жатканын аңдабай, Украинада кала беришкен, эми болсо аларды тез арада эвакуация кылуу керек».

Кадыркулов Киевде кыймыл чектелгендиги, ал эми мамлекеттик жана финансылык мекемелер иштебей жатканы кошумча кыйынчылыктарды жаратууда деп кошумчалады.

«Буга карабастан, элчилик кыргызстандыктарды коопсуз жайга көчүрүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат», — деп жыйынтыктады элчи.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Маткеримов: Украинадагы кыргыздар элчилик менен байланыша албай жатат

Украинадан Польшага жана Молдовага 30 кыргыз жараны чыгып кетти

Украинадагы кыргызстандыктар Польша жана Венгрияга эвакуацияланып жатат