Бюджеттик акчага имараттарды оңдоого жана кызматтык унаа сатып алууга тыюу салынды

Министрликтерге жана башка мамлекеттик органдарга бюджеттик акчага жаңы кызматтык унааларды сатып алууга тыюу салынды. Жарлык 1-марттан тартып күчүнө кирди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдар жана министрликтер бюджеттин эсебинен административдик имараттарды жана кызматтык орун жайларды капиталдык оңдоодон өткөрө алышпайт.

Финансы министрлигинен тыюу президент Садыр Жапаровдун республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча жарлыгынын негизинде киргизилип жатканын белгилешти. Президент жарлыкка 2021-жылдын 3-декабрында кол койгон. Бирок тыюу канча убакытка созулары белгисиз.

Жарлыкта өлкө башчысы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан «бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн ички резервдерин табууга олуттуу көңүл бурулбай жатат» деп белгилеген.

«Республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну контролдоо механизмдеринин төмөнкү натыйжалуулугу бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга, кем чыгууларга жана уурдоолорго алып келет», — деп айтылган президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.