Чүйдө он күндөн бери изделип жаткан 18 жаштагы уландын сөөгү табылды

Аламүдүн районунда он күндөн бери изделип жаткан 18 жаштагы уландын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Облустук милициядан белгилешкендей, 18-февралда Павел Тигай аттуу небереси Ленинское айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин айтып таенеси арыз жазган.

Ал эми 2022-жылдын 28-февралында Аламүдүн РИИБне Кайырма жана Ленинское айылдарынын ортосунда белгисиз эркектин сөөгү жатканы тууралуу кабар түшкөн.

Жерине барган ыкчам иликтөө тобу маркум буга чейин дайынсыз жоголгон Павел Тигай экенин аныктаган. Басма сөз кызматтан, кароо учурунда анын денесинен күч колдонуунун белгилери байкалбаганын белгилешти.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

2021-жылдын 18-ноябрь күнү 9 жаштагы Сумая Хосилжанова үйүнөн мектепке чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Өспүрүмдү Сузак РИИБдин кызматкерлеринен сырткары 100дөн ашуун айыл тургуну, айылдарды, талааларды, кароосуз калган имараттарды аралап издешкен.

Бирок дээрлик он күндөн кийин, 27-ноябрда, Сумаянын сөөгү кийимдери жок абалда Сузак районунун Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган. Кийин тестиер кыздын өлүмүнө шектелип 48 жаштагы киши кармалган.