Кыргыз ТИМнин башчысы Орусия менен Украинаны натыйжалуу диалогго чакырды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбор Азиядагы жана АКШдагы кесиптештери менен С5+1 форматындагы онлайн жолугушууда Украинадагы кырдаалды талкуулады.

С5+1 — бул өза ра кызыкчылыктарды көрсөтүп турган маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн АКШ менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүн бириктирген платформа.

Казакбаевдин айтымында, «азыркы Украинадагы жаңжалга эки боордош эл тартылган».

«Кыргыз эли орус жана украин эли менен байыртадан бери достук мамиледе. Бирок Кыргыз Республикасы бүгүнкү күнү дүйнө биригүүнүн ордуна жакшы-жаманга бөлүнүп жатканына тынчсызданып турат», — деди Казакбаев.

Ал Украина менен Орусиянын ортосунда сүйлөшүүлөр башталганына кубанычта экенин айтып, «жаңжалга тартылган тараптарды натыйжалуу диалогдун жаңы форматтарын активдүү издөөгө» чакырды.

Жолугушууда ТИМ башчылары Орусияга киргизилген санкциялар Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай таасир этерин дагы талкуулашты.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, анын ичинде АКШ Орусияга уламдан жаңы экономикалык жана технологиялык санкцияларды киргизүүнү улантууда. Орусияга Ураинага 24-февралда кол салган. Ошондой эле Евробиримдик, Канада жана Улуу Британия орус учактары үчүн өз аба мейкиндиктерин жапкан.

Тема боюнча:

Орусиянын Украинага кол салуусу. Акыркы суткага карата башкы маалыматтар

БУУ: Украинада 102 жай тургун каза тапты, бирок алардын реалдуу саны кыйла көп болушу мүмкүн

Доллар эмне себептен өсүүдө, баалар дагы кымбаттайбы, бийлик чара көрөбү? Түшүндүрүп беребиз