Өзгөн: 23 жаштагы тургундун сөөгү өз үйүндө табылды

Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айылында 23 жаштагы тургундун сөөгү табылды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ал киши колдуу болгонун билдиришти.

Окуя тууралуу маалымат укук коргоо органдарына 27-февралда келип түшкөн. Маркумдун сөөгү өз үйүнөн табылган.

Ош ОИИБден учурда факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалганын белгилешти. 

Өткөн жылы 25-майда Нарын районунун Казан-Куйган айылындагы үйлөрдүн биринде 28 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган. 1-июнь күнү маркумдун өлүмүнө шектүү катары айылдашы кармалган. Анда маркум жана анын айылдашы жер сугарып жүрүп, спирт ичимдигин ичкени айтылган. Кийин экөө мушташып, бирок шериги аны үйүнө жеткирип барган. Бирок ал алган жаратынан улам өзүнө келбей үйүндө каза болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нарын: 28 жаштагы кишинин өлүмүнө айылдашы шектелүүдө