Депутат Бекешев Кыргызстанда рублду жүгүртүүгө чектөө киргизүүнү сунуштады

Депутат Дастан Бекешев учурда Кыргызстанга орус валютасы көп которулуп жаткандыктан рублду жүгүртүүнү чектөө керек деп эсептейт.

Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин жыйынында айтты.«Улуттук банк рублду колдоп жаткандай болуп атат — бул туура эмес. Экономикабыз ансыз да кичинекей. Улуттук банктын чындыгында рублду колдомок тургай сомду кармап турганга шарты жок. [...] Ошондуктан чектөө киргизүүнү сунуштайм», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал минкаб антикризисттик чаралар боюнча токтомго бул чектөөнү киргизип, маянанын жана пенсиянын индексациясын караштырышы керектигин кошумчалады.

Дагы окуңуз: Доллар эмне себептен өсүүдө, баалар дагы кымбаттайбы, бийлик чара көрөбү? Түшүндүрүп беребиз

Орус валютасынын куну Орусиянын аскерлери 24-февралда Украинага кол салгандан кийин дароо түшүп кеткен. Рублдун арты менен сом дагы арзандап баштаган. Жагдайды дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Орусияга карага экономикалык жана финансылык санкцияларды киргизгени да оорлоштурган.