Подмосковьеде кыргызстандык кыз 17-кабаттан кулап каза тапты

27-февралда Москва облусунун Люберцы шаарында Кыргызстандын эки жараны турак үйдүн 17-кабатынан кулаган. Бул тууралуу 1-мартта Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Элчиликтин маалыматына ылайык, 24 жаштагы кыргызстандык кыз каза тапкан. Ал эми экинчиси оор абалда ооруканада жатат.

«Элчилик маркумдун, жабыркаган адамдын жакындары жана тергөөчү менен байланышта болууда. Учурда окуя иликтенип жатат», — деп айтылат маалыматта.