ЖМКнын ишин чектөө, телемунараны атуу. Украина боюнча башкы маалыматтар

АКШ Орусия Украинага кол салгандыгына байланыштуу орус учактарына аба мейкиндигин жабуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 2-мартта АКШнын президенти Жо Байден Конгресстеги билдирүүсүндө айтты. Ошондой эле ал НАТО Орусия менен согушпай турганын, бирок Европадагы контингентин күчтөндүрөрүн билдирди.

Буга чейин Евробиримдик да орус учактарына аба мейкиндигин жапкан болчу.

Киевдеги телемунарага асмандан сокку урулуп, телеканалдар бир канча убакыт иштебей калган. Украинанын президенти Владимир Зеленский соккудан беш киши каза болгонун кабарлады.

Мунун алдында Орусиянын Коргоо министрлиги «Орусияга каршы маалыматтык чабуулдун алдын алуу максатында» Киевдеги объектилерге сокку урарын билдирип, ретрансляторлордун жанында жашагандарды «үйлөрүнөн кетүүгө» чакырган.

1-мартта ок атуулар башка шаарларда да уланган. Харьковдун облустук администрациясы жайгашкан борбордук аянтта катуу жардыруу болгон.

Роскомнадзор Орусияда «Эхо Москвы» жана «Дождь» телеканалынын эфирге чыгуусун токтотуп, ошондой эле алардын сайттарын жана Украинадагы согушту чагылдырган бир нече ЖМКнын ишин чектөөгө алган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынына видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөгөн. Анын сөзү алдын ала жазылган видеодон коюлду — Лавров Орусиянын учактарына Европанын аба мейкиндиги жабылгандыктан жолугушууга өзү келе алган эмес. Лавров сүйлөп жатканда ондогон өлкөнүн дипломаты нааразылык көрсөтүү максатында жолугушуу залынан чыгып кетишкен.

Лавров өз билдирүүсүндө Орусиянын Украинага кол салуусун өлкөдө «адам укуктары бузулуп», ал эми орус тилдүү азчылык көп жылдан бери «террорго кабылып келген» деп актаган.

БУУнун Гаагадагы Эл аралык соту Украинанын Орусияга каршы доосу боюнча угууларды 7-8-мартка дайындады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алды.