Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү кечирим сурап кат жөнөткөнүн билдирди

3-мартта кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков буга чейин кызматташуудан баш тарткан Даниядагы өнөктөштөрү түшүнбөстүк үчүн кечирим сурап кат жөнөткөнүн билдирди.

Өмүрзаков соцтүйүнгө жазган постуна чет элдик өнөктөштөрү жөнөткөн катты тиркеди. Анда келишим күчүндө экени, Атай жана анын командасын күтүп жатышканы жазылган.

«Кырдаалды туура эмес түшүнгөнүбүзгө өкүнүчтөбүз, бизге сиздердин өлкө Россиянын курамына киргендей таасир калтырган эле — бул үчүн абдан өкүнүп жатабыз. Сиздерди Данияда тосуп алганга даярбыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Атай Өмүрзаковдун Фейсбук барагынын скриншоту. 

Ошондой эле, даниялыктар Орусия аркылуу учууга болбой турганын Өмүрзаковдун эсине салып, балким Казакстан аркылуу келерсиз деп суроо салган.

Кечээ Атай Өмүрзаков Даниядагы өнөктөштөрү Украина-Орусия согушунда «Кыргызстан агрессорду колдогону» үчүн ортодогу келишимди жокко чыгарганын билдирген.

Өмүрзаков «Тумар» жана «Тотем шоу» бий топторунун негиздөөчүсү. «Тумар» тобу 2016-жылы Britain’s Got Talent сынагынын биринчи этабынан өтүп, жарым финалга чейин жеткен. Ошол эле жылы Өмүрзаковдун окуучуларынын ADEM тобу Словакияда өткөн Česko Slovensko má talent («Чехия жана Словакиянын таланттары») шоусунда жеңишке жеткен.

Акыркы жолу Өмүрзаковдун тобу 2020-жылдын ноябрь айында Германиядагы Das Supertalent шоусунда катышкан.

2-мартта БУУнун Башкы ассамблеясы Орусияга Украинадагы аскерлерин чыгарып, республикага карата күч колдонуу аракетин токтотуу талабы тууралуу резолюциясын жактырган. Анда Кыргызстан добуш берүүдөн карманганын билдирген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Агрессорду колдоду». Бийчи Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү кызматташуу келишимин бузганын айтты

Кыргызстан БУУнун Украина боюнча резолюциясына добуш берүүдөн карманды