«Агрессорду колдоду». Бийчи Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү кызматташуу келишимин бузганын айтты

Атай Өмүрзаков

Бийчи Атай Өмүрзаков Даниядагы өнөктөштөрү Украина-Орусия согушунда «Кыргызстан агрессорду колдогону» үчүн ортодогу келишимди жокко чыгарганын билдирди. Бул тууралуу Өмүрзаков 2-мартта Фейсбук барагына жазды.

«Биз пандемиядан улам эки жыл иштебей турдук, эми болсо бир нече жылга [чыгууга] тыюу салышты. Эми жумуш издешим керек, мен жана менин окуучуларым үчүн артисттик кесип соңуна чыкты. “Сиздин өлкөңүз агрессорду колдоду, биз сиз менен кызматташа албайбыз” деп түшүндүрүштү бизге. Ушундай макам үчүн рахмат», — деди Өмүрзаков.

Өмүрзаков «Тумар» жана «Тотем шоу» бий топторунун негиздөөчүсү. «Тумар» тобу 2016-жылы Britain’s Got Talent сынагынын биринчи этабынан өтүп, жарым финалга чейин жеткен. Ошол эле жылы Өмүрзаковдун окуучуларынын ADEM тобу Словакияда өткөн Česko Slovensko má talent («Чехия жана Словакиянын таланттары») шоусунда жеңишке жеткен.

Акыркы жолу Өмүрзаковдун тобу 2020-жылдын ноябрь айында Германиядагы Das Supertalent шоусунда катышкан.

Президент Садыр Жапаров 22-февралда Орусиянын менен Украинанын ортосундагы кырдаалга комментарий берген. Анда ал «Украинанын чыгышында болуп жаткан абалдын өнүгүшүн тынчсыздануу жана терең тынчсыздануу менен көз салып турарын» белгилеген.

Ошондой эле ал Орусиянын аракеттерин «көп сандаган орусиялык жарандар жашаган Донбасс аймагындагы жайкын тургундарды коргоо үчүн аргасыз чара» деп сыпаттаган.

Ал эми 26-февралда Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө башчы Украина маселесине токтолгон. Бирок эки өлкөнүн президенттеринин басма сөз кызматтардын бул сүйлөшүү тууралуу эки башка маалымат берген.

Кыргызстандын версиясында президенттер кыргыз-орус кызматташтыгын, аймактык коопсуздукту жана «Украинанын айланасындагы кырдаалды» талкуулашкан деп берилген.

Ал эми орусиялык «РИА Новости» басылмасы Кремлдин басма сөз кызматына таянып, Кыргызстандын президенти орус аскерлеринин Донбасстын жай тургундарын коргоого багытталган аракеттерин колдой турганын билдирди деп жазган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул боюнча комментарий берип, Кыргызстан «түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну кубаттай» турганын билдирген.

1-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Кыргызстандагы элчиси чакыртып алганы белгилүү болгон. Зеленскийдин мындай чечимди Кыргызстан Орусиянын Украинага каршы агрессиясын актагандыктан кабыл алганын билдирген.