Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелген Алтынбек Пирматов үй камагына чыгарылды

Алтынбек Пирматов

Ош шаардык соту мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматовду 2-мартта үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Пирматовго камакка алуу менен байланышпаган бөгөт коюу чарасын тандап алууну сотко тергөө органдары сунуштаган.

Пирматов Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги эң чоң жарнамалык билбордду «мыйзамсыз бузуу» тууралуу иштин алкагында кармалган. Ош шаардык прокуратурасы аткаминерди «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектеп жатат.

Муниципалдык башкармалыктын башчысынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева Пирматов айыптоолор менен макул эместигин билдирген.

Ал эми калаа башчысы Алмаз Мамбетов Алтынбек Пирматовду тергөө иштери жүргүчө кызматынан убактылуу бошоткон.

Оштогу эң чоң жарнамалык тактайчанын демонтажы

Алтынбек Пирматов жетектеген башкармалыктын кызматкерлери 2019-жылдын октябрь айында калаадагы эң чоң жарнамалык тактайчаны бузган. Анда билбордго ээлик кылган «Инсайдер» ЖЧКсынын жетекчиси Алмаз Төлөмүшов мэриянын аракетин «мыйзамсыз» деп айткан.

Шаар бийлиги билбордду бузуп баштаганда Ош облустук райондор аралык соту тактайчаны бузууга тыюу салган. Бирок буга карабастан демонтаж аягына чейин чыгарылган.

Ал эми Пирматов тактайчаны бузууга атайын комиссиянын корутундусу негиз болгонун билдирген.

«Бул тактайча бузууга жатат. Анткени ал орнотулган күндөн тарта анын ээлери антикоррозиялык тазалоо кылган эмес, мындан улам ал дат басып кетти», — деген Пирматов.

Көп өтпөй мэрия бузулган билборддун ордуна жаңы жарнамалык тактайчаны орнотуп, аны «Нурзаман» курулуш компаниясына ижарага берген. Ош шаардык мэриясынан ижара акысы 2 млн сомду түзөөрүн билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кармалды