Ош шаардык кеңешинин төрагасы бюджеттин эсебинен кымбат кызматтык унаа сатып алды

Салман Назылбеков/Унаанын сүрөтү интернеттен алынды, спикерге алынган унаадан айырмаланышы мүмкүн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков калаанын бюджетинин эсебинен кымбат баалуу кызматтык автоунаа сатып алды. Тендер мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тендерди 4-февралда жарыялап, 15-февралда жыйынтыгы чыккан. Техникалык мүнөмөздөмөдө унаа Жапониядан 2013-2018-жылдар аралыгында чыккан, ак түстө болушу керектиги жазылган.

Тендерге эки компания катышып, «Мега Сервис» ЖЧКсы 748 миң 500 сом сунуштап утуп чыккан. Мэриянын алдындагы автогараждын жетекчиси Эркин Аралиев «Клоопко» төрага үчүн 2014-жылы чыккан Toyota Camry 55 үлгүсүндөгү унаа сатып алынганын айтты.

Аралиевдин айтымында, спикердин мурдагы кызматтык унаасынын эскилиги жетип, мотору бузулган. Мындан улам автогараж башчысы «эски унааны оңдоткондон көрө ордуна жаңы сатып алган жакшы» деп ишендирди.

Юстиция министрлигини сайтында тендерди уткан «Мега Сервис» ЖЧКнын жетекчиси катары Алайбек Жолонов көрсөтүлгөн. Компания турак жай жана имарат куруу менен алектенери жазылган.

«Мега Сервис» 2018-жылы «Ош шаардык суу канал» ишканасы кызматтык унаа сатып алуу үчүн жарыялаган 200 миң сомдук тендерди да уткан. Ошондой эле аталган ишкананын жаңы жылдык белектер үчүн жарыялаган 456 миң сомдук тендеринде жеңүүчү болгон.

1-марттан тарта министрликтерге жана башка мамлекеттик органдарга бюджеттик акчага жаңы кызматтык унааларды сатып алууга тыюу салынган. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар жана министрликтер бюджеттин эсебинен административдик имараттарды жана кызматтык орун жайларды капиталдык оңдоодон өткөрө алышпайт.

Финансы министрлигинен тыюу президент Садыр Жапаровдун республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча жарлыгынын негизинде жарыяланганын билдиришкен.

Жарлыкта өлкө башчысы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан «бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн ички резервдерин табууга олуттуу көңүл бурулбай жатат» деп белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бюджеттик акчага имараттарды оңдоого жана кызматтык унаа сатып алууга тыюу салынды