Балбак Түлөбаев: Парламент депутаттарынын бирден жардамчысы жана ассистенти болот

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын жардамчысы жана бирден ассистенти болот. Бул тууралуу эл өкүлү Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим 9-февралда жабык эшик артында өткөн отурумда, парламенттик аппараттын түзүмүн бекитүү учурунда кабыл алынды.

Парламенттин 9-февралдагы отуруму. Сүрөт: Жогорку Кеңештин сайты.

«Дастан Бекешевге гана кошумча дагы бир жардамчы жана кызматтык автоунаа берилет. Калгандарында жок», — деди Түлөбаев.

Буга чейин депутат Надира Нарматова эл өкүлдөрүнө айрым артыкчылыктарды кайтарып берүүнү өтүнгөн. Ал белгилегендей, парламентарийлер жакшы иштөөсү үчүн жардамчылар жана консультанттар керек.

Түлөбаев ошондой эле Жогорку Кеңештин аппаратындагы 60 кызматкер кыскартыларын билдирди. Парламенттин аппаратынын кызматкерлери орточо 17-18 миң айлык маяна алары белгилүү.

2021-жылдын 3-декабрында президент Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта ал Жогорку Кеңешке мамлекеттик бюджеттен депутаттарга кеткен чыгашаларды азайтууну «сунуштаган». Ошондой эле, өлкө башчы Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерин 30%га азайтууну айткан.

Жарлыкка кол коёрдон бир күн мурда, 2-декабрда Жапаров президенттин жана Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгын бириктирген.

Буга айрым эл өкүлдөрү нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Жетинчи чакырылыштын биринчи отурумунда депутаттар парламенттин Иш башкармалыгы өз алдынча болушу керектигин белгилешип, аны бөлүү боюнча сунуш киргизишкен.

Жапаров буга жооп кылып, депутаттарды сунуштарын кайтарып алууга чакырган. Ал бир эле Иш башкармалык президент, парламент жана министрлер кабинетине «бирдей баш ийет жана тейлейт» деп билдирген.