«Акыркы көч» кыргыз тасмасы «Ника» сыйлыгына көрсөтүлдү

«Акыркы көч» кыргыз тасмасы «Ника» сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу кинофорумдун сайтында кабарланды.

Режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун фильми «КМШ жана Грузиянын мыкты фильми» номинациясында ат салышат. Сыйлыкка көрсөтүлгөн эмгектердин катарында «Суучул бала» (Тажикстан), «Зулали» (Армения) жана «Жамааттык иммунитет» (Казакстан) фильмдери да бар.

Кино эмне жөнүндө?

Тасманын бет ачары өткөн жылдын 1-сентябрында Бишкекте маданият министри Кайрат Иманалиевдин катышуусунда өткөн.

Бул «Кыргызфильм» киностудиясы менен «Билимкана» Коомдук фонду биргелешип тарткан эмгек.

Фильмдин сюжети башкы каарман Кубат Алиевдин айланасында жүрөт. Ал пенсия курактагы чыгаан жазуучу. Кубат күндөрдүн биринде жазуучу досу Сапар катуу ооруп калганын билип, досун дарылатуу үчүн батирин сатууну чечет. Бирок ал арада Кубаттын инисин карыздары үчүн сабап кетишет. Ошентип Кубат оор тандоого тушугат — бир тууган инисине же досуна жардам берүү.

Тасманын режиссёру Бакыт Мукул кыргыз эли тасманын идеясын, философиясын түшүнүүгө аракет кылышы керек деп эсептейт.

«Адам баласы алдыга жылып, өсүшү керек. Өзүбүзгө ылайык кино тартып, каткырып-күлүп жүрө берсек артта калабыз. Биздин эл дагы философиялык фильмди көрүп түздөнүп, экинчи планда бул ой атылыптыр, негизги ой ушул экен деп түшүнүп көрсө дейбиз. Дүйнө эли бизден бир топ арыштап алдыга кетти. Дүйнөлүк фестивалдарда биздин кинолордун бааланып жатканы да ушундан», — деп билдирген режиссёр.

Фильмдеги баш каармандын ролун Кыргыз ССРнин Эл артисти Марат Алышбаев ойногон. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Тынара Абдразаева, Табылды Актановду көрүүгө болот.

Тасма Таллинде өткөн «А» класстагы «Караңгы түндөр» эл аралык кинофестивалынын башкы сынагына катышкан. 2021-жылы январда Бангладештеги «Dhaka International Film Festival» 19-кинофестивалында «Акыркы көч» эң мыкты фильм деп табылган.

Ал эми Куала-Лумпур кинофестивалында калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыган. Мындан тышкары «Акыркы көч» тасмасы Иранда өткөн FAJR кинофестивалына , Asia Film Art фестивалына, Малайзияда өткөн KLIFFS сынагына, Андрей Тарковский атындагы «Зеркало» кинофестивалына катышып, алдыда боло турчу Бухарест жана Киношок фестивалдарына жолдомо алган.