Садыр Жапаров УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратураны судьялардын ишине кийлигишпөөгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана ИИМге кайрылып, судьялардын ишине кийлигишип, аларга кысым кылуу практикасын токтотууну суранды. Бул тууралуу президент 4-мартта судьялардын XII съездинде айтты.

«Ар ким өз иши менен гана алек болуш керек. Эгерде силер кызматтык милдеттериңерди укук ченемдерин сактоо менен так аткарсаңар, судьяларга кысым көрсөтүүнүн кажети жок болуп калат. Анткени мыйзам бардыгы үчүн бирдей», — деди Жапаров.

Ал эгер укук коргоочулар судьяларга кысым көрсөтпөй, өз миссиясын так аткарып, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тарта турган болушса, укук системасына олуттуу салым кошкон болот деп эсептейт.