Ташиев УКМКнын академиясынын пайдубалына капсула салды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 3-мартта УКМКнын академиясынын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу мамкомитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, академия генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында курулуп жатат.

УКМКдан Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин окутуп, аларды даярдоочу адистештирилген толук кандуу атайын жогорку окуу жайы болгон эместигин белгилешти. Бирок Кыргызстанда болочоктогу мамлекеттик жана укук коргоо кызматкерлерин даярдаган адистештирилген окуу жайлар бар. Мисалы, ИИМ академиясы, юракадемия, дипакадемия, президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы, куралдуу күчтөрүнүн аскердик институту жана башкалар.

УКМКнын академиясы атайын кызматтын кызматкерлери үчүн багытталган сегизинчи объект. Буга чейин Ташиев өлкөнүн аймактарында УКМКнын башкармалыктарын ачкан.