Оштогу чемпионатта автокырсыктан каза тапкан футболчулар эскерилди

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаарында 5-мартта Кыргызстандын футбол боюнча клубдар аралык чемпионаты башталды. Анда «Нур-Баткен» футбол клубунун автокырсыктан каза тапкан оюнчулары Асадбек Алимов жана Жахонгир Махмудов эскерилди.

Чемпионаттын алгачкы оюнунда Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо Оштун «Алай» футбол клубу менен Баткендин «Нур-Баткен» клубу беттешти. «Нур-Баткен» «Алайды» 3:1 эсебинде утуп алды.

Клубдар аралык чемпионатка бул жылы он команда катышат. Биринчи тур 5-6-мартка белгиленген.

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Футболчулардын өмүрүн алган жол кырсыгы

20-январдын кечинде Баткен — Ош унаа жолунда авто кырсык катталып, футболчулар Асадбек Алимов жана Жахонгир Махмудов каза тапкан.

Алар 10-январдан 20-январга чейин Баткен шаарында болуп Өзбекстанда өтүүчү турнирге даярдык көрүшкөн. Кырсык болгон күнү беттешке чейин эс алып келүүнү каалап Ош шаарындагы үйлөрүнө кайтып келе жатышкан эле.

21 жаштагы Асадбек Алимов 2019-жылдын башында «Алайдын» резервдик курамында ойноп баштаган. Ал 2020-жылдын январында эмгекчил футболчу катары жогорку лигадагы негизги командага кошулуп, жогорку лигада ойноп келген.

Ал эми Жахонгир Махмудов декабарь айында гана 23 жашка толгон. Ал 2018-жылдын январь айында «Алайдын» резервдик командасына кирген. Махмудов командага жаңы кошулганда Кыргызстан кубогу оюнунда гол киргизип, «Алайдын» командасына жеңиш алып келген.