Кайгуул милициясы: Бишкекте «Z» белгиси коюлган унааларга айып салынат

Бишкекте унаасына «Z» белгисин чаптаган айдоочуларга айып пул салынат. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкектин кайгуул милициясынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу кабарлады.

Ал «Z» белги эмнени түшүндүрөрүн билбей турганын айтып, бирок «кандай белги болбосун унаага уруксатсыз чаптоо» мыйзамга жат экенин эскертти.

«Бул Кыргызстандын “Укук бузуулар жөнүндөгү” кодексинин 194-беренесинин биринчи пунктуна каршы келет. Мыйзам боюнча, мындай мыйзам бузууга 5500 сом айып салынып, унаа айып короого киргизилет», — деп түшүндүрдү Айткул уулу.

Буга чейин соцтүйүндөрдүн колдонуучулары Бишкекте «Z» тамгасы чапталган унаалар пайда болгонун айта башташкан.

Акыркы кезде Орусияда Украинадагы орус армиясын колдогон флешмобдор күч алды. Орусиялыктар соцтүйүндөрдө #Z хештегин барган сайын көп пайдаланып, айдоочулар унааларга «Z» тамгасын чаптап жатышат. Өлкөнүн жашоочулары батирлеринин терезелерине да ушул белгини жабыштырып жатышат.

«Z» – орус армиясынын шарттуу белгилеринин бири, Украинага кол салган учурда дагы колдонулган.

Орусиянын Украинага кол салуусу 24-февралда башталган. Орус бийлиги ЖМКларга согушту «согуш» деп атоого тыюу салып, аны «атайын операция» деп атоого мажбурлап жатат.

Бүткүл дүйнө жүзүндө согушка каршы нааразычылык акциялары өтүүдө, анын ичинде Орусиянын өзүндө дагы (ал жерде алар басымга кабылып, полиция көчөдөн миңдеген адамдарды кармап кетүүдө).

Орусия Украинага кол салган үчүн эл аралык ири санкцияларга кабылды.