Тажикстандын өтүнүчү менен Москвада кармалган кыргыз жараны бошотулду

Иллюстративдик сүрөт

Орусиянын Москва шаарында Тажикстандын өтүнүчү менен кармалган кыргыз жараны Замирбек Досматов абактан бошотулуп, Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу «Азаттыкка» иниси Мунарбек Досматов 7-мартта билдирди.

Баткен районунун Ак-Татыр айылынын 40 жаштагы тургуну Замирбек Досматов 23-февралда полиция тарабынан кармалган. Маалыматка ылайык, ал 2019-жылдын июнь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалга байланыштуу кармалган.

Бирок Досматовдун жакындары ал 2017-жылдан тарта Орусияда жүргөнүн билдиришкен. Ал эми Кыргызстандын элчилиги Замирбек Досматов 2019-жылы Орусияда болгонун тастыктап, ага карата козголгон кылмыш иштин «бурмаланганын жана айыптын негизсиз, мыйзамсыз экенин» документалдуу тастыктоо күтүлүп жатканын кошумчалашкан.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев 2-марттагы отурумда тажик бийлиги 2019-жылдагы чырга байланыштуу Баткен облусунун 19 тургунуна издөөгө жарыялаганын билдирген. Ошондой эле Ражабалиев Тажикстан чек арага байланыштуу Баткендин 150гө чукул тургунуна кылмыш ишин козгогонун, алардын арасында мурунку айыл өкмөт жетекчилери жана айыл башчылары бар экенин белгилеген.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр

2019-жылдын июнь айында Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда чатак чыгып, мергенчилик үчүн колдонулган мылтыктан ок атылган.

Кыргызстандын чек ара кызматы жаңжалга Ворухтун тургундары айылдын кире беришине Тажикстандын желегин орноткону себеп болгонун билдирген. Натыйжада Исфара — Ворух жолу жабылган.

Тажик тараптын версиясы боюнча, Ак-Сай айылынын тургундары «желектин орнотулушуна каршы чыгышып, өз билемдик менен жер казып “Ак-Сай” жазуусун жана өз мамлекетинин желегин» орнотушкан.

Маалыматка ылайык, чатактан улам 15 кыргызстандык жарадар болгон — жабырлануучулардын 12не ок тийген.

Тажикстандын ИИМи кыргыз тараптан чыгарылган октон 52 жаштагы мугалим каза таап, он киши жарадар болгонун билдирген.