Кара-Сууда экотехинспециянын кызматкери 30 миң сом пара алып жатканда кармалды

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу райондук башкармалыгынын экологиялык көзөмөл боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 4-мартта билдиргендей, шектүү тургундардын биринен 30 миң сом акча талап кылган.

Аталган фактынын негизинде УКМК «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козгогон. Ал эми инспектор 3-мартта аталган акчаны алып жатканда кармалган.

Экотехинспекциянын кызматкери атайын кызматтын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

25-февралда УКМКнын кызматкерлери Салык кызматнын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча инспекторун пара алып жаткан жеринен кармашкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү Жалал-Абад шаарынын тургунун патентин жаап, салык карызын «оң жагына чечип берүү үчүн» акча опузалаган.

Ал эми 22-февралда УКМК Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки инспекторун пара менен кармашкан. Атайын кызматтан шектүүлөр оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан «такай акча талап кылган» деп билдиришкен.

Автору: Хоназим Имоддинова