Муфтият маркумду жерге берүүдө ысырапкорчулукту азайтуу боюнча фатва чыгарды

9-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы «Маркумду узатууда ысырапкорчулукту алдын алуу жөнүндө» фатва чыгарды. Анда каза болгон адамды жерге берүүдө мал союп, келгендерге дасторкон жайып, тамак-аш берилбесин деп жазылган.

Муфтият аза күтүп жаткандардын малын сойдуруу шариятка туура келбейт деп белгиледи.

«Эгер маркумдун артында жаш балдары калса, жаназага келгендердин мал союп тамак-аш уюштуруусу — арам», — деп билдирди дин башкармалыгы «Курандан» жана хадистен бир катар мисал келтирип.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы фатванын негизинде төмөнкү чечимдерди чыгарды:

  • Аза күтүп жаткан үйдө алгачкы үч күн ичинде мал союлуп келгендерге эч кандай дасторкон жайылып, тамак-аш берилбесин.
  • Маркумга атап үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык (аш берүү) эч бир диний китептерибизде айтылган эмес.
  • Кездемени кичинекей бөлүктөргө айрып «жыртыш» таратып берүү, кийит кийгизүү (кара жабуу) шариятта жок.
  • Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок жана ысырапкерчилик. Күмбөз курганга кеткен акчаны жетим-жесирге, жакыр-муктаждарга берсе, сообу, пайдасы көбүрөк болот.
  • Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет.

Муфтият аза күтүү аяктаган соң сөөк чыккан үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албай, каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутуу жетиштүү болорун эскертти.

Буга чейин, 24-февралда президент Садыр Жапаров «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анда Жапаров маркумду жерге берүүдө мал союга тыюу салынарын айтып, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына тиешелүү фатваларды чыгарууну сунуштаган.

Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап Ак үйдөгү аткаминерлерге чейин тапшырарын айткан.

Тема боюнча: Садыр Жапаров маркумду жерге берүүдө мал союуга тыюу салган жарлыкка кол койду