«Жеңилгенди билбейт». Юрист Атазовдун үстүнөн арыз жаза турганын билдирди

Юрист Таалайгүл Токтакунова Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болгон Шайлообек Атазовдун үстүнөн укук коргоо органдарына арыз менен кайрылат. Буга Атазов ИИМдин расмий билдирүүлөрүсүз эле аталган шайлоо округунан депутаттыкка өткөн Абдурахманхаджи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптаганы себеп. Бул тууралуу Токтакунова Фейсбуктагы барагына жазды.

«Атазов жана анын тарапташтары шайлоодо жеңип чыккан Муртазалиевди негизсиз эле бардык нерсеге айыптап жатышат. Анын кандайдыр бир ишке катыштыгы бар-жогун ИИМ гана аныктайт, ошондуктан жалган маалымат тараткан күнөөкөр жоопкерчиликке тартылышы керек», — деп жазды Токтакунова.

Эмне болгон?

Бишкектин Свердлов шайлоо округунда кайра өткөн шайлоодо талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңип, парламенттин жетинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Муртазалиевден аз гана добуш менен артта калган талапкер Шайлообек Атазов атаандашын шайлоочуларды сатып алды деп айыптап, митинг өткөргөн.

7-февралда милицияга «белгисиз адамдар үгүт иштерин жүргүзүп, шайлоочуларга акча таратып жатат» деген маалымат түшкөн. Кармалгандар талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевдин пайдасына үгүт жүргүзүп жатышканы кабарланган. Муртазалиев кармалгандар ага тиешеси жоктугун айткан.

Тема боюнча: Шайлообек Атазов эң көп добуш алган талапкерди «добуш сатып алууга» айыптады

4-мартта шайлоочуларды сатып алууга шектелип кармалган Фарида Талипова аттуу аял Элнура Алканованын штабы үчүн 450 миң сом алганын билдирген.

«Алар мага бир нече телефон номур жана 450 миң сом берип, ошолорго акчаны таратып бер дешкен. Мен Алканованын штабы үчүн 450 миң сом алдым деген ишеним кат жазып бергем», — деп айткан Талипова. Андан кийин аталган аял РИИБге күбө катары чакырылган.

«Андан кийин мени Муртазалиевдин пайдасына добуш сатып алууга шектеп жатат деген маалымат пайда болду. Бирок менин ал балага эч кандай тиешем жок экенин дагы бир жолу кайталап кетем», — деп айткан Талипова.