БШК Элвира Сурабалдиевага депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырды

Элвира Сурабалдиева. Сүрөт: БШКнын басма сөз кызматы

Борбордук шайлоо коммиссиясы Элвира Сурабалдиевага депутаттык күбөлүк жана төш белгини тапшырды. Бул тууралуу 11-мартта БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сурабалдиева 2022-жылдын 27-февралында № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча кайра шайлоодо добуш бергендердин 47,97% добушуна ээ болуп, жеңишке жеткен. Ал Жогорку Кеңештин курамындагы бир мандаттуу шайлоо округунан жеңип келген биринчи аял депутат.

Сурабалдиева парламенттин алтынчы чакырлышынын депутаты болгон. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин вице-премьер-министрлик кызматка дайындалып, бул кызматта 2021-жылдын февралына чейин иштеген.

Ал эми 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка ат салышкан.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарынын шайлоочулары «Баарына каршы» добуш беришкен. Мындан улам эки округда кайра шайлоо дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кол санактын жыйынтыгы: Сурабалдиева менен Муртазалиев эң көп добуш алды