Нарында Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды, ага президент катышты

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Нарын облусунун Кочкор районунда саясий ишмер, Кыргызстандын баатыры, маркум Турдакун Усубалиевдин эстелиги орнотулду. Айкелдин ачылышына 11-мартта президент Садыр Жапаров катышты.

Жапаров айкелдин ачылышында жергиликтүү тургундар жана Усубалиевдин жакындары менен баарлашкан. Тургундар президенткеөз көйгөйлөрүн* айтып, андан соң өлкө башчысы «бир катар органдарга тапшырмаларды берген».

Анткен менен басма сөз кызматтын билдирүүсүндө тургундар президентке кандай көйгөйлөрдү айтканы, ал тиешелүү органдарга кандай тапшырмаларды бергени айтылган жок.

Ошондой эле Жапаров иш-чарада сүйлөп жатып «Усубалиевдин эстелигин өзү туулуп-өскөн Кочкор районунда орнотуу — мамлекеттик жана коомдук ишмер, өмүрү өрнөк адамдын арбагын эскерүү жакшылыктын жышааны экенин» белгиледи.

Бийиктиги 8,7 метрди түзгөн эстелик атайын буюртма менен Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Иван Дубровин аттуу атактуу айкелчинин цехинде куюлган. Салмагы 1,3 тонна, жогорку сапаттагы колодон 1000 жылдык кепилдиги менен жасалган.

Эстеликти орнотууга канча каражат жумшалганы айтылган жок.

Турдакун Усубалиев

Турдакун Усубалиев — 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунда дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, 1961-1985-жылдары Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

1993-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын алган. Ал Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары өнүгүшүнө экономикалык, социалдык жана маданий зор салым кошкон.

Усубалиев 2015-жылы 7-сентябрда 96 жаш курагында узакка созулган оорудан көз жумган.