8-марттагы маршта Кыргыз ССРинин желегин көтөрүп чыккан киши 3 миң сомдук айыпка жыгылды

Маршта кармалган активист. Сүрөт: Жоомарт Дуулатов / «Клооп»

Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-марттагы тынчтык жөө жүрүштө кармалган «КыргСоц» уюмунун мүчөсүнө 3 миң сом айып пул салды. Сот активист «тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузган» деп тапты.

Айыпка жыгылган киши аялдардын укуктарына жана тынчтыкка чакырууга арналган маршта Кыргыз ССРинин желегин көтөрүп чыккан болчу. Көп өтпөй аны Биринчи май РИИБнин кызматкерлери кармап кетишкен.

Маршка катышкан жарандык активист Умай Арыкованын айтымында, ал Кыргыз ССРдин желегин көтөрүп чыккан кишиге аны алып коюуну талап кылган. Бирок ал Арыкованын талабын аткаруудан баш тарткан.

«Мен Биринчи май РИИБинин милиционерлерине сепаратисттик маанайларды жараткан чагымчыны алып кетүүнү айттым. Алар ага желекти алып коюуну суранышты, бирок ал каршылык көрсөттү. Натыйжада милиционерлер аны кармашты», — деп жазган Арыкова.

Райондук милициядан желек көтөрүп чыккан кишини кармаган маалда ал «формачан эмес милиционерди муштаганын» айтышкан. Ал эми жөө жүрүштүн катышуучусу «белгисиз киши желекти анын колунан жулуп кеткенин» айткан. Ошондой эле ал «аны биринчи милиционер муштаганын» белгилеген.

Ал эми «КыргСоц» уюму күч органдары «чагымчынын ордуна, тынчтык марштын катышуучусун» кармаганын билдиришкен. Ошондой эле уюмдан Биринчи май РИИБинин кызматкерлери алардын мүчөсүн «мыйзамсыз кармаган» деп билдиришкен.

Биринчи май РИИБинин кызматкерлери «КыргСоцтун» кармалган мүчөсүн «профилактикалык сүйлөшүүдөн кийин» коё беришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: 8-марттагы маршка Кыргыз ССРинин желегин көтөрүп чыккан киши коё берилди