Европадагы кыргызстандыктарга 15 күндүк жашыл коридор берилди

Европа өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктар мекенине тоскоолдуксуз кайтып келиши үчүн жашыл коридор берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук барагында билдирди.

Кадыркуловдун айтымында жашыл коридордун мөөнөтү 15 күнгө созулат.

«Эгер кимдир бирөө Европада мыйзамсыз калса же калуусун мыйзамдаштырууну кааласа, жоопкерчиликтүү болуп, барган өлкөнүн мыйзамдарын сактоого чакырабыз», — деп кошумчалады элчи.

Жашыл коридор кыргызстандыктарга 24-февралда башталган Украина-Орусия согушунун шартында берилди. Согуш башталгандан бери Украинада жүргөн кыргыз жарандары кооптуу аймактан Европа өлкөлөрүнө чыгып кете башташкан.

ТИМдин маалыматына ылайык, эвакуация башталгандан бери Украинадан 635 кыргызстандык чыгарылды. Мындан тышкары кыргызстандыктар Польша, Венгрия, Румыния, Түркия жана Молдовага чыгып кеткен.

Дагы окуңуз:  ТИМ: Украинанын шаарларында жүздөн ашык кыргызстандык калды

Украинадагы согуш: Качкындардын саны эки миллионго жетти