Сузакта бала бакчанын мурдагы жетекчиси иштебеген кишилер үчүн маяна алып жүргөнү аныкталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан «Элхан» мамлекеттик бала бакчасынын мурдагы жетекчиси эмгек акыны мыйзамсыз чегерүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу 15-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү «Г.Б.» 2015-2021-жылдары аталган бала бакчасында эмгектенбеген бир нече кызматкерлерге «иштеди» деп эмгек табелдерин толтуруп, алардын маяналарын алып жүргөн. Мындан улам мамлекетке жалпысынан 1 млн 170 миң сомдон ашуун зыян келтирилген.

Сузак райондук прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзө баштады.

Юстиция министрлигинин базасында «Элхан» бала бакчасынын негиздөөчүсү катары Сузак райондук билим берүү башкармалыгы көрсөтүлгөн.

2021-жылдын февраль айында Талас районунда орто мектептин директору мугалимдердин маянасынын бир бөлүгүн мыйзамсыз ыйгарып алып жүргөн деген шек менен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, директор мектептин кызматкерлерин жумуштан кетирүү менен коркутуп, акча чогултуп келген.