Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кумтөр ишинин» алкагында кармалган Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Сабир Атажановду «коррупцияга» күнөөлүү деп тапты. Ал 300 миң сом айыпка жыгылды.
Өкүмдө Атажанов экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев менен «туруктуу мыйзамсыз байланышта» болуп, 2014-жылдын 12-июнунда Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө оң корутунду чыгарганы белгиленген. Мындан улам 2017-жылы Суу кодексине «Кумтөр Голд Компани» иштеткен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого жол ачкан өзгөртүүлөр киргизилген.
Буга чейин Биринчи май райондук соту Оторбаевге 300 миң, Сарпашевге 260 миң сом айып пул салган. Алар «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылган.
Атажанов дагы «коррупцияга» күнөөлүү деп табылды. Сот анын тергөө менен кызматташууга барганын эске алуу менен ага эркинен ажыраткан жок.
Суу кодексине кирген өзгөртүүлөр
Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого жол берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 16-ноябрындагы отурумунда кабыл алынган. Анда бул мыйзам долбоорун ошол кездеги вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин экс-төрагасы Айтмамат Назаров парламентке өткөрүшкөн.
Мыйзамдын 62-беренесинде «мөңгүлөрдүн эришин тездетүүгө таасир эткен иш-чараларга» тыюу салынып, бирок бул чектөө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө тиешеси жок болуп калган.
Аталган мыйзам долбоору бир нече депутаттар тарабынан сынга алынган. «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр «“Кумтөр Голд Компани” буга чейин мөңгүлөрдү талкалоо боюнча аракеттерин да мыйзамдаштырууга жол ачат» деп айткан.
«Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн бузуу бул азыркы Суу кодексине карама-каршы келет. Азыр силер алып келген өзгөртүүлөр менен буларга эртеңкиге эле уруксат бербестен, буга чейинки мөңгүлөрдү талкалаганы боюнча да жоопкерчиликти алып салып жатабыз да», — деген Бокоев.
Ал эми мурдагы вице-премьер Зилалиев эгерде мыйзам долбоору кабыл алынбай калса 250 млн доллар каражат мамлекеттин казынасына түшпөй каларын айткан.
Ошондой эле Зилалиев Лысый мөңгүсүнүн 10 пайызы талкаланганын, ал эми Кумтөр кени иштетилип бүткөнгө чейин дагы 10 пайызы жоголо турганын билдирген. Мындан сырткары, Зилалиев Давыдовдун 50 пайызы талкаланып бүткөнүн, кен казылып бүткөнгө чейин дагы 20 пайызы жок болорун айткан.
*Учурда Зилалиевге «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен айып тагылууда. Алгач Биринчи май райондук соту, кийинчерээк Бишкек шаардык соту Зилалиевди күнөлүү деп таап тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ал эми 2021-жылдын 24-июнунда Жогорку сот өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.
Арадан төрт жыл өтүп Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кендин калдыктарын мыйзамсыз топтоп, аларды талкалаганын аныктаган. Сот алтын казуучу компанияны 261,7 млрд, кийинчерээк дагы 2,1 млрд сом кенемте төлөп берүүнү милдеттендирген.
Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр кенине сырттан башкарууну киргизишкен. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кумтөр ишиндеги» коррупцияга бир нече мурдагы аткаминерлерди шектеп кармап баштаган — алардын көбү тергөө менен кызматташууга барып, айыпка жыгылышкан.