«Кумтөр иши»: Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге 300 миң сом айып салынды

Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Кумтөр иши» боюнча «коррупцияга» күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу 11-январда «Клоопко» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өкүм 2021-жылдын 30-декабрында эле угузулган. Ага ылайык, Оторбаев мамлекетке 300 миң сом өлчөмүндө айып төгүүгө милдеттендирилген.

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2021-жылы 16-сентябрда Кумтөр кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалган.

УКМК анда Оторбаев премьер-министр* болуп турганда Кумтөр кенинин башкы планын экспертизадан өткөрүүдө Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине басым жасап, Суу кодексинин жана «Суулар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузганын айтып чыккан.

Тергөө экс-премьер мындай кадамга Centerra Gold Inc. компаниясынын кызыкчылыгы үчүн барган жана Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн жок кылууга макулдугун берген деп эсептейт.

*Оторбаев 2014-жылдын 25-мартынан 2015-жылдын 24-апрелине чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган.

«Кумтөргө» байланышкан сурактар жана кармоолор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2021-жылы 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин билдирген. Бир иш «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилигине байланыштуу, калган үч иш — коррупция фактылары боюнча аткаминерлерге байланыштуу.

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар башталып, саясатчылар жана депутаттар кармалган. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев кармалган. Андан сырткары бир катар депутаттар, анын ичинде Асылбек Жээнбеков кармалган.

Алардын ичинен сот экс-депутаттар Талантбек Узакбаев менен Исхак Пирматовду күнөөлүү деп тапкан. Экөөнү сот 300 миң сом айыпка жыккан.

Андан тышкары, Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кумтөр ишинин» алкагында кармалган экс-вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Аткаминер 280 миң сом айыпка жыгылган.

Мурдагы премьер-министр Абылгазиев мамлекетке 50 млн сом төгүп берген.

Андан тышкары, 2-августта ушул эле кылмыш иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн качкын президент Аскар Акаев өлкөгө кайтып келген.

Бирок Акаев башка саясатчыларга салыштырмалуу кармалган эмес. Ал келген күнү тергөөгө көмөк көрсөтүү үчүн келгенин айтып, бир жумадан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.