Медицина коомчулугунун өкүлдөрү Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышты

Медициналык коомчулуктун өкүлдөрү 18-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылып маалымат жыйын өткөрүштү. Алардын пикиринде, мындай чиновниктин дарыгерлерди башкарууга жөндөмү жок.

Алар өз кайрылууларын чиновниктин саламаттык сактоо системасында жасап жаткан реформаларынан улам, ошондой эле дарыгерлерге сыйы жок мамиле кылып жаткандыктан жасашкан.

Профессор Алмазбек Исманкуловдун айтымында, Бейшеналиевдин жүрүм-туруму акылга сыйбайт, ал мыйзамды сакташы керек. Мурдарак Саламаттык сактоо министрлиги Исманкулов иштетип жаткан көз хирургия клиникасынын имаратын алып койгон.

Ал Бейшеналиевге хирург Эрнст Акрамовго карата жасаган мамилеси үчүн да нааразы экенин кошумчалады. Буга чейин министр Акрамов жетектеген хирургия илимий институтун да жаптырган.

«Балдар фонду» башкармалыгынын мүчөсү Галина Куликова да саламаттык сактоо министринин отставкага кетүүсүн талап кылып, президент Садыр Жапаровду маселеге көңүл бурууга чакырды.

«Суроомо жооп бергилечи.. Саламаттык сактоо министри баштаган өз билемдикти ким токтотот? Анда этика, ар-намыс, кадыр-барк деген түшүнүк жок. Эмне болуп жатканын бизге ким айтып бере алат?» — деди Куликова.

Ошондой эле ал өлкө башчысынын үндөбөй жатканы Бейшеналиевдин «ыксыз жүрүм-турумуна» макул экендигин түшүндүрөт деп эсептейт.

Мындан тышкары, Куликованын айтымында, Чүй облустук ооруканасына Акрамовдун ысымын ыйгаруу боюнча докуменке Бейшеналиев өзү кол койгон, эми болсо андан баш тартып жатат.

«Акрамовдун ысымын Чүй облустук ооруканасына ыйгаруу боюнча кайрылууну [Акрамов] өзү демилгелеген эмес. Ал [Акрамов] аман алып калган адамдар менен кесиптештеринин тобу, мына ошолор президентке кайрылган. Бейшеналиев бул катка кол коюуну жайлатып, натыйжада кол коюп, эми аны танып, жардамчыларына шылтап жатат», — деди ал.

Куликова Бейшеналиевден эч ким деле кечиримди күтпөй калганын, учурда министрге карата бир эле — отставкага кетүү — талабы бар экенин кошумчалады.

Саламаттык сактоо министринин реформалары тууралуу №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Бахтияр Абсаматов да пикирин айтты. Анын айтымында, жасалган реформаларга карабастан саламаттык сактоо системасында эч кандай өзгөрүүлөр болгон эмес.

«Мурда адамдар компьютердик томографиядан өтүү үчүн жеке менчик клиникаларга кандай барып жүрсө, азыр деле барып жатышат. Министрлик эмне үчүн элементардык нерселерди да кылбайт?» — деп нааразы болду Абсаматов.