Парламент унаанын алдыңкы айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берди

Жогорку Кеңештин депутаттары «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзамга өзгөртүүлөр жарандарга унааларынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксат берет. Документ эми президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алуу алдында караңгылатуунун зарылдыгы жана анын кесепеттери тууралуу кызуу талкуу болду.

Мисалы, комитеттин 15-марттагы жыйынында депутат Искендер Матраимов буга каршы чыгып, унаанын айнектерин караңгылатууну унаа айдоодо тажрыйбасы жок жаштар пайдаланат деген.

«Силерге эмне маанилүү: бюджетке акча түшкөнүбү же адамдын өмүрүбү? Мен тонировка кылдырбайм, Сүйүнбек дагы антпейт, жашыбыз өттү андайдан. Айдоо тажрыйбасы жетишсиз жаш балдар караңгылатышат. Бул заян гана алып келет», — деп белгиледи Матраимов.

Депутат Жанар Акаев 17-марттагы отурумда унаанын айнектерин колунда бар жарандар менен «көпкөн жаш балдар» караңгылатарын айткан.

«Ким [автоунаасынын] терезесин караңгылаткысы келет? Айылдагы дыйкандарбы? […] Бул бүт жанагыңдай акчасы бар, жол тандабастарды минген көпкөн жаш балдар ошентип караңгылатып алып жүргүсү келет. Жол кырсыктарынын барын ошолор кылып жатат. Рулда отуруп телефон менен сүйлөшүп, каалаганын кылат. Мына ошентип, бюджетке болбогон каражат түшүрөт экенбиз. Бул бир мектептин курулушуна кеткен каражат экен. Ошол каражат үчүн жүздөгөн өмүрлөрдүн кыйылышына жол бербешибиз керек. Муну криминал пайдаланат. Бүт терезелерин караңгылатат. Бизде криминал жокпу? Алар бир айга гана кармалып андан кийин ээн-эркин жүрүшөт», — деп аргумент келтирген депутат.

Бирок бул аргументтерге карабастан, мыйзам долбоорун 50 депутат колдоду.

Мыйзам долбооруна ылайык, жеңил унаалардын ээлерине айнектерди караңгылатууга уруксат бир жылга берилет. Уруксаттын баасы каралууда. Ошол эле учурда, экономика министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, уруксаттын баасы болжолдуу 50 миң сомду түзүшү мүмкүн.

Унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген мыйзам долбоорун 2022-жылдын фералында Министрлер кабинети демилгелеген.

Анда Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиев документ коррупциялык тобокелдиктерди жоюу үчүн керек деп айткан. Ал мыйзам долбоорунун Республикалык бюджетти толтуруу максаты жоктугун, бирок унааны караңгылатууга уруксат берүүдөн түшкөн акча казынага түшөрүн белгилеген.

Тема боюнча: Минкаб унаанын алдыңкы айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген долбоорду жактырды