Минкаб унаанын алдыңкы айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген долбоорду жактырды

Өлкөдө унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга кайрадан уруксат берүүнү каалап жатышат. Бирок бул жолкусун караңгылатуу үчүн акы төлөнөт. Мындай долбоорду 14-январда министрлер кабинети жактырды.

«Тонировка» рейди. Сүрөт: АКИpress

Ведомствонун басма сөз кызматынан жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби мыйзам күчүнө киргенден кийин минкаб тарабынан аныкталарын белгилешти.

Унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксат берүү боюнча токтомдун долбоору өкмөттө 2021-жылдын апрелинде эле даярдалып жатканы айтылган. Анда минкабдын ошол кездеги башчысы Улукбек Марипов бул өлкө казынасына кошумча каражат алып келет деп билдирген болчу.

«Буга чейин да көп талкуу болгон маселе: автомашиналардын “тонировкасы” боюнча (...) бюджетке кошумча киреше алып келе ала турган каражаттар бар. Ушул жагында дагы биз сунуштарды даярдап жатабыз, жакынкы аралыкта бул токтом долбоору Жогорку Кеңешке киргизилет», — деген ошондо Марипов.

Автоунаалардын терезелерин караңгылатуу маселеси Кыргызстанда көптөн бери эле талкууланып келет. Азыркы учурда автоунаалардын капталдагы алдыңкы жана маңдайкы терезелерин караңгылатууга уруксат берилбейт, арткы терезелерди караңгылатса болот. Толук караңгылатууга уруксат атайын унааларга жана өлкө жетекчилигинин унааларына гана берилген.

Автоунаанын алдыңкы терезелери караңгылатылган болсо, унаа ээси үчүнчү категориядагы айыпка тартылат — жеке жактар 5 500 сом, юридикалык жактар 17 миң сом төлөөгө дуушар болот.

2016-жылдын июль айында Ички иштер министрлиги терезелерди караңгылатууга тыюу салуу демилгесин көтөргөн. Токтомго ылайык, айдоочуларга унаанын маңдайкы жана капталдагы алдыңкы терезелерин атайын күңүрт тасма менен караңгылатууга же парда тагууга тыюу салынат, эгер терезелер өндүрүүчү-заводдо эле караңгылатылган болсо, аларды алмаштыруу талабы коюлган болчу.

Ошол эле 2016-жылы Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы автоунаалардын заводдон чыгарылып жатканда орнотулган караңгылатылган айнектерин алмаштырууну талап кылган өкмөттүн токтому «жокко чыгарылганын» билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бюджетке кошумча киреше». Өкмөт унаа айнектерин караңгылатууга уруксат бергиси келет

Кайгуул милициясы заводдон караңгылатылган унаа айнектерине уруксат берди