Саламаттык сактоо министрлиги Түркиядан дары алып келүүнү макулдашты

Кыргызстан менен Түркия өлкөгө дары-дармек жана медициналык шаймандарды алып келүү боюнча келишим түзүштү. Бул тууралуу 17-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай келишим саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Түркияга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген.

Ведомстводон кошумчалашкандай, дары-дармек жана медициналык каражаттарды Түркиядан алып келүү «Украинада болуп жаткан кырдаалга байланыштуу кыйынчылыктарга туш болгон дары-дармек рыногун толуктоого» мүмкүнчүлүк берет.

«Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дары-дармек жана медициналык каражаттарды алып келүүнү жеңилдетүү боюнча дагы чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

2-мартта Кыргызстандын Фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаалдан улам аталган эки өлкөдөн дары-дармек алып келүү токтотулганын билдирген. Анын айтымында, дары-дармектин 60%га жакыны Орусия менен Украинадан импорттолот.

Андан кийин эле Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек департаментинин директору Нурдин Кагаздиев өлкөгө каттоосуз алып келинүүчү маанилүү медициналык шаймандар менен дарылардын тизмесинин долбоору иштелип чыкканын, бул таңсыздыкты болтурбоо үчүн керектигин билдирген.