Украинадагы кырдаалдан улам дары-дармек сатуучу тармак оор акыбалга кептелиши мүмкүн

Украина менен Орусиядагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын дары-дармек сатуучу тармагы оор акыбалга кептелиши мүмкүн. Бул тууралуу 2-мартта саламаттык сактоо министри өткөргөн дары-дармек коопсуздугуна байланыштуу кеңешмеде айтылды.

Маалыматка ылайык, аталган эки өлкөдөн дары-дармек жана медициналык каражаттарды алып келүү белгисиз мөөнөткө токтотулду.

Кеңешмеде Фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов өлкөгө 30дан ашык өлкөдөн дары-дармек жана медициналык каражаттар алып келинерин белгилеп, анын 60%га жакыны Орусия менен Украинадан импорттолорун кошумчалады.

Асановдун айтымында, Украинага берилген буйрутмалар жокко чыкты жана качан жанданары белгисиз. Ал эми орусиялык өндүрүүчүлөр санкция жана жана рублдун куну туруксуз болгонуна байланыштуу дары-дармек ташууну белгисиз мөөнөткө токтотту.

«Санкциялардын кесепетинен Европанын көптөгөн өндүрүүчүлөрү Орусияга дары-дармек, медициналык каражаттарды берүүнү токтотушу мүмкүн деген кооптонуу бар. Бул сөзсүз түрдө Орусиялык өндүрүүчүлөрдүн экспортун токтотушу мүмкүн, алардын аракети ички рынокту камсыздоого багыталып калат», — дейт ал.

Аны менен катар фармацевтикалык тармактын өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигине бааларды жөнгө салуу боюнча пилоттук долбоорду* кризис турукташканга чейин токтотууну сунушташты. Министр Бейшеналиев бул маселе боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

*Өткөн жылы өлкөдө алгачкы жолу айрым дары-дармектердин түрүнө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилээри кабарланган. Ага ылайык дары-дармек каражаттарынын 56 аталышына же 300дөн ашуун соода аталышына жөнгө салуу киргизилген. Дарыларга болгон баанын чегин Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздандыруу департамент аныктайт.

Орусиянын аскерлери 24-февралда Украинага кол салган. Ал эми Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, анын ичинде АКШ Орусияга жаңы экономикалык жана технологиялык санкцияларды киргизүүнү улантууда. Ошондой эле Евробиримдик, Канада жана Улуу Британия орус учактары үчүн өз аба мейкиндиктерин жапкан.

Тема боюча дагы окуңуз:

Орусиянын банктары каржы операцияларын ишке ашыруучу SWIFT системасынан чыгарылат