Украинадагы согуш: Шварценеггер орусиялыктарга кайрылды, Кытай украин элине дос экенин айтты

Украинанын президенттик кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк «Медуза» басылмасына курган маегинде Орусия өзүнүн сүйлөшүү платформасын реалдуу баалап баштаганын билдирди. Подоляк Орусия менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдөгү украин делегациясынын мүчөлөрүнүн бири.

«Биз чындыгында эле макулдашуулардын кандайдыр бир компромисстик долбооруна чыгуу каалоосун көрүп жатабыз — бирок мен азырынча “тынчтык келишими” деп айтканым жок», — деди Подоляк.

Ал НАТО үстөмдүк кылган учурдагы коопсуздук системасы Украинага туура келбей калганын да билдирди.

«Биз сүйлөшүү үстөлүнө койгон формулабыз бар – коопсуздук кепилдиктеринин украиналык модели. Ал Орусия менен Украинанын ортосунда эки тараптуу келишим болбойт дегенди болжойт. Көп тараптуу келишим, пакеттик келишим болот, ага бир катар өлкөлөр катышат – алардын саны дагы деле талкууланып жатат. Беш же жети өлкө», — деди ал Украина үчүн бул келишимде өзөктүк державалардын, АКШ, Улуу Британия жана Франциянын катышуусу маанилүү экенин кошумчалап.

Кытай — украин элинин досу, ал эч качан Украинага кол салбайт жана ага экономикалык жактан жардам берет — деди Кытайдын Украинадагы элчиси Фан Сянжун Львов облусунун губернатору менен жолугушууда. Ал эми Кытайдын ТИМи бул билдирүүнү жактырды. Bloomberg билдирүүнү Украинаны колдоо боюнча Кытай тараптан жасалган эң ачык-айкын расмий билдирүү деп атады.

Орусия бутага алган Мариуполдо 2358 киши каза тапты. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Сергей Орлов Forbes журналынын украиналык версиясына курган маегинде айтты. Анын айтымында, шаарды урандылардын алдында калгандар дагы деле көп жана каза тапкандардын санын экиге көбөйтсө болот.

Орлов Мариуполдо курулуштардын көпчүлүгү (80-90%ы) толук же жарым- жартылай кыйраганын кошумчалады.

Украин депутаты Сергей Тарута 16-марттагы жардыруудан Мариуполь театрында жашынган адамдар аман калганын билдирди. Депутат эл театрдын имаратынын алдындагы жарылуудан коргонуучу баш калкада жашынганын, ал соккуга туруштук бергенин кошумчалады.

Депутаттын билдирүүсүн Жогорку Раданын (украин парламенти) Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Людмила Денисова бышыктады. Ал театрдын имаратынын урандылары тазаланып, ал жерде камалып калгандар бошотулганын айтты.

Голливуд актёру жана Калифорниянын экс-губернатору Арнольд Шварценеггер Украинадагы согушка байланыштуу орусиялыктарга видео кайрылуу жасады.

Видеонун башында Шварценеггер бала чагында советтик оор атлетчи Юрий Власов менен таанышып, кийин Власов анын кумирине жана баатырына айланганын билдирген. Актёр дайыма орус элинин кайраты жана жүрөгү шыктандырып келгенин, ошондуктан орус элине Украинадагы согуш тууралуу чындыкты айтып бергиси келгенин айткан.

«Силердин бийлик сиздерге бул Украинаны денацификациялоо үчүн согуш деп айтып жатканын билем. Украинаны денацификациялоо? Бул жалган [...] Согушту Украина баштаган жок. Аны улутчулдар да, улутчул эмеси да баштаган жок. Аны Кремлдеги бийлик төбөлдөрү баштады. Бул орус элинин согушу эмес», — деди актёр.

Арнольд Шварцнеггердин кайрылуусу.

Видеокайрылууда Шварценеггер орус бийлиги өз элине Орусия үчүн согуштун кесепети кандай болорун айтып жатканын да билдирген. «Мен сиздерге терең кайгырып, миңдеген орус аскери өлтүрүлгөнүн айтайын. Алар мекенин коргойм деп күрөшкөн украиналыктар менен Украинаны басып алуу үчүн согушкан орус бийлигинин ортосунда калышты», — деп билдирди актёр.

Актёр кайрылуусунун аягында кармоолорго карабастан согушка каршы митингге чыккан орусиялыктарды жаңы каармандар деп атады.

«Силер — менин жаңы каарманымсыңар. Силерде Юрий Петрович Власовдун күчү бар. Силер чыныгы Орусиянын жүрөгү бар», — деп жыйынтыктады сөзүн Шварценеггер.

The New York Times басылмасы Американын атайын кызматтарынын «консервативдүү баасына» таянып, Украинада жети миңден ашуун орус аскери каза тапканын жазды. Басылма бул Ирак жана Ооганстандагы согушта каза болгон АКШ аскерлеринин санынан да көп экенин билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага толук кандуу кол салуусу башталгандан бери өз тарабынан канча аскер каза тапканын болгону бир эле жолу маалымдаган — 2-мартта министрлик «атайын операцияда» (Орусия согушту расмий ушундай атап жатат) 498 орус аскери каза таап, дагы 1597 жоокер жарадар болгонун билдирген.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус армиясынын жоготууларын 13 миң 800 киши деп баалоодо (сөз бир гана каза болгондор же жарадар жана туткунга алынгандар тууралуу да болуп жатабы-жокпу айтыла элек).

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов республика «ДЭР» жана «ЛЭРдин» көз карандысыздыгын тааныбасын билдирди.

«Өзбекстан өзүнүн улуттук кызыкчылыктарынын негизинде [согушуп жаткан] эки өлкө менен тең өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантат. Биз бул оор убактарда Украинага гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантабыз», — деп билдирди ТИМ башчысы өлкөнүн позициясын.

АКШ президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путинди «Украин элине каршы согушуп жаткан кандуу диктатор, анык баш кесер» деп атады. Мындан бир күн мурда Байден Путинди аскерий кылмышкер деп дагы атаган.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Байдендин айткандарына комментарий берип, президенттин мындай билдирүүсүн «таптакыр жол берилгис, кабыл алынгыс жана кечирилгис» деп атады.

«Узак жылдар бою дүйнө жүзүндө адамдарды бомбалаган өлкө башчысынын мындай сөздөрдү айтууга укугу жок», — деп жооп берди Песков.