Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусуна Бишкектен бир бөлмөлүү батир белек кылды

Күрөш боюнча чемпион Айсулуу Тыныбекова тренери Нурбек Изабековго Бишкектен бир бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу спортчу «Нурбек агай» аталышындагы устаты тууралуу документалдуу фильмдин бет ачарында билдирди.

Балбан кыз машыктыручусу тууралуу тартылган тасмада Изабековдун өзүнүн сүйгөн ишине берилгендиги, өмүрүн спортко, окуучуларына арнаганы айтылганын баса белгиледи.

«Мага спортчу катары тарбия берип, ошол эле учурда адам болууга бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн билимин берип келет. Мен кыйналганда өз үйүнөн бөлмө берген. Азыр болсо агайга Бишкектен батирдин ачкычын берейин деп турам. Нурбек агай бардыгына татыктуу», — деди Тыныбекова

Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмактагы аялдар арасындагы күрөштө дүйнөлүк рейтингдин сап башында турат. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш байгени багындырган.

Нурбек Изабеков — эркин күрөш боюнча балбан, Азия чемпионатынын эки жолку жеңүүчүсү жана Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу. Ал 52 жашта.

1998-жылы өспүрүмдөр арасындагы СССР чемпионатында коло байгени жеңген. 1995-1999-жылдары Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынган.

Материалды даярдаган: Канышай Балкыбекова.