Бишкек мэринин милдетин бир күн аткарган Нургазиев алдамчылыкка шектелип кармалды

Бизнесмен Эрмек Нургазиев алдамчылыкка шектелип кармалды.

Чуй облустук ички иштер башкармалыгы 2019-жылдын жай айларында Нургазиевге карата чара көрүү боюнча жамааттык арыз түшкөнүн билдирди. Арыздануучулар Нургазиев турак жай-курулуш кооперативинин төрагасы болуп турганда мурда сатылган батирлерди кайрадан сатып жибергенин айтып даттанышкан.

Тийгизилген зыяндын өлчөмү 68 550 долларга бааланган. Арыз Октябрь РИИБинде «Алдамчылык» беренеси менен катталып, ал эми 17-мартта прокуратарура ишти Чүй ОИИБне өткөрүп берген.

«Аталган кылмышты кылууга шектелип үстүбүздөгү жылдын 18-мартында милиция кызматкерлери тарабынан Эрмек Нургазиев кармалып Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп маалымдады шаардык милиция.

Мындан тышкары, милициянын маалыматына ылайык, Нургазиевдин үстүнөн дагы 7 арыз келип түшкөн. Алардын негизинде келтирилген зыяндын өлчөмү 4700 доллар жана 309 000 сом деп бааланган.

«Бүгүнкү күндө жалпы зыян 7 млн 845 миң 692 сомду түзөт», — деп билдирди шаардык милиция.

Чүй ОИИБи жабыркаган башка адамдарды да издеп жатат.

Мурдарак Kaktus.media укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Нургазиев кандайдыр бир кызмат көрсөтүү үчүн ири суммада акча алган делип кармалганын, бирок убадасын аткарбай койгонун билдирген.

Ал эми Нургазиев өзү прокуратура алгач айыптоону колдоодон баш тарткан деп айтууда.

«Коюлган айып негизсиз, мен эч кимден акча алган эмесмин жана мен жасаган иштерден эч ким жабыр тарткан эмес. Алар Казакстандын жарымын алдап кеткен шылуунду колдонушкан, ал эми бул жерде 9 объект боюнча 600 жабырлануучу», — дейт Нургазиев.

Ал «бул шылуунду, Нургазиев “Солто коомунун” лидери жана бардык чүйлүктөр революция даярдап жатат» деп үйрөтүшкөн деп эсептейт. Нургазиев ошондой эле жакында эле жарык көргөн кайсы бир макалаларга таянууда, бирок кайсы макала тууралуу айтып жатканы белгисиз. Бирок буга чейин «Азия Ньюс» басылмасы ал тууралуу макала жазган. Макалада Нургазиев саясатка кайтып келиш үчүн экс-премьер министр Сапар Исаков менен жолукканы айтылган.

Нургазиев тууралуу эмне белгилүү?

Эрмек Нургазиев. Сүрөт: Барс Медиа

Эрмек Нургазиев «ЭММА курулуш» компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы катары белгилүү. 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо Эрмек Нургазиев «Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон.

2019-жылы Нургазиев адвокат Ольга Новохатская менен чырдаша кеткен — Нургазиев аялды көптөгөн күбөлөрдүн көзүнчө бетке чаап жиберген. Новохатская бизнесмен кол көтөргөн учурда кош бойлуу болгонун жана андан улам боюнан түшүп калганын, бирок укук коргоо органдары Нургазиевди жоопкерчиликке тартышпаганын айткан.

2020-жылы Новохатская Нургазиев парламенттин депутаттыгына талапкер болуп жатканын угуп, анын кол көтөргөнү тууралуу коомчулукка ачык айтып берүүнү чечкен. Нургазиев кол көтөргөнүн танган эмес, себеп дегенде чаап жиберген учурдун видеосу соцтармактарга тарап кеткен.

Нургазиев аялды «чагымга жооп кайтарып рефлекс менен чаап алганын», ал эми Новохатская бул тууралуу «антипиар жасоо» үчүн айтып чыгууда деп билдирген. Ошондой эле, ал журналисттерге Новохатскаяны алдамчы деп атап, шайлоодон кийин ага чара көрөрүн кошумчалаган.

Ольга Новохатская — сотто «Альянс Курулуш Плюстун» үлүшчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоп жаткан адвокат. Курулуш компаниясынын башчысы Максим Альянов алдамчылыкка айыпталып, 2018-жылы камакка алынган.

«Альянс Курулуш Плюстун» аягына чыкпаган турак жайын Нургазиевдин «ЭММА Строй» компаниясы куруп бүтүргөн, Новохатскаянын айтымында, ал сапатсыз бүтүрүлгөн. Мындан тышкары, адвокат акчасын 100% төлөгөн үлүшчүлөрдөн кошумча акча төлөөнү сурап, эгер кошумча төлөшпөсө батирлерди сатып жиберишээрин айтышканын кошумчалаган.

Бул тууралуу 2020-жылдын февраль айында өткөн маалымат жыйында акционерлердин бири Жаркынай Эгембердиева дагы билдирген. Анын айтымында, ишканада сапатсыз курулуш материалдары колдонулуп, андан улам объект ишке кирбей калышы мүмкүн деген. Андан соң үлүш ээлери Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына мыйзамсыз курулуш жана акча опузалоо фактысы боюнча кайрылышкан. Ал эми Нургазиев батирлердин курулушуна акча төлөгүсү келбеген үч-төрт адам каршы чыгууда деп билдирген.

2021-жылдын 9-февралында Нургазиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Инстаграм барагында Бишкек шаарынын мэрлигине бейбаштыкка аралашкан адамды коюуга «мүмкүн эмес» деген жеке оюн жазган.

Ал эми 10-февралда ошол кездеги премьер-министр Улукбек Марипов Эрмек Нургазиевди Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына дайындоо тууралуу чечимин жокко чыгарган. Анын ордуна калаа башчысынын м.а. болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалган.