Ысык-Көлдө улак тартыш оюнунда аттан жыгылган улакчы каза болду

Ысык-Көл облусунун Түп районунда улак тартыш оюнунда 32 жаштагы эркек киши аттан жыгылып каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» облустук оорукананын жетекчиси Мирбек Сагымбаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, 18-март күнү кечки саат 17:00дө Кичи-Өрүктү айылында улак тартыш болгон. Күбөлөрдүн айтымында, «Р. А.» аттуу киши оюн учурунда аттан кулап кетип, башына аттын туягы тийген.

Жаракат алган улакчыны алгач тургундар райондук ооруканага алып барышкан. Ал жердеги дарыгерлер операция жасатуу керектигин айтып, облустук ооруканага жөнөтүшкөн. Бирок операция жасалган соң 19-мартка караган түнү улакчы каза болгон.

«Ат тепкен экен. Облустук ооруканага келгенде эле башы, мээси жараксыз болуп калыптыр. Операция жасадык, бирок, тилекке каршы каза болуп калды. Келип туугандары алып кетти», — деп билдирди облустук оорукананын жетекчиси.

Жергиликтүү тургундар маркумдун артында жубайы жана эки баласы калганын белгилешти.

Иллюстративдик сүрөт.

Өткөн жылдын 17-январында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтүндө улак тартыш оюнунда токко урунуп эки ат өлгөн. Аламан улакка 300-400гө жакын оюнчу катышкан, токко 5-6 ат урунуп, анын экөөсү өлгөнү белгилүү болгон. «ОшЭлектро» ишканасы тургундар электр зымдарын уруксаты жок тартып келишип, коопсуздук эрежелерин сакташкан эмес деп билдирген.

2020-жылы 5-мартында Жалал-Абад облусунда аламан улакта бир оюнчу токко урунган. Жылкы ошол жерде өлүп, улакчы эс-учун жоготкон абалда ооруканга жеткирилген. Улакчыга тийген электр зымы мыйзамсыз тартылганы кабарланган. Милиция окуяны «кокустук» катары каттаган.

Аламан улак — бул улуттук кыргыз оюну. Ал көк бөрү оюнуна окшош, бирок анда ар бир улакчы өзү үчүн ойнойт. Анда ортого ташталган улакты алып, белгилүү бир жерге таштаган оюнчу байгеге ээ болот.

Тема боюнча:

Ош: Аламан улакта мыйзамсыз тартылган электр зымына эки ат токко урунуп өлдү

Ош: Улак тартышта кокусунан ат тебелеген 12 жашар бала көз жумду