Ош: Аламан улакта мыйзамсыз тартылган электр зымына эки ат токко урунуп өлдү

Сүрөт «Турмуш» басылмасынан алынды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтүндө улак тартыш оюнунда эки атты ток урду. «ОшЭлектро» ишканасынын басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиргендей, оюнга чогулган тургундар электр зымдарын уруксаты жок тартып келишип, коопсуздук эрежелерин сакташкан эмес.

«Оюнчулар талаага орнотулган мамычадан микрофонго улоо үчүн өз алдынча зымды тартып келишкен. Ал төмөн илинип калган. Токко урунган эки ат өлгөн. Биз уурдалган токтун көлөмүн аныктап, тиешелүү органга өткөрүп беребиз», — деп билдиришти «ОшЭлектродон».

«Турмуш» басылмасы 17-январда өткөн аламан улак оюнуна 300-400гө жакын оюнчу катышканын маалымдады. Ал эми токко 5-6 ат урунган, анын экөөсү өлгөн.

Ал эми Ош ОИИБи аталган кырсык боюнча эч кимден арыз түшпөгөнүнө карабай, милиция териштирүү иштерин жүргүзө турганын билдирген.

Буга чейин мындан бир жыл мурун 5-мартта Жалал-Абад облусунда аламан улакта атчан улакчы токко урунган. Жылкы жеринде өлүп, улакчы өзү эс-учун билбеген абалда ооруканга жеткирилген. Улакчыга тийген электр зымы мыйзамсыз тартылган. Милиция окуяны «кокустук» катары каттаган.

Ошондой эле, Ош шаарынын Жапалак айылындагы улак тартыш оюнунда чабуулчу аты менен 12 жаштагы өспүрүмдү тебелеп кеткен. Өспүрүм ооруканага жетпей каза болгон.

Кырсык болгон жерде өспүрүм атасы жана бир тууган агасы менен болгон. Маркумдун туугандары кырсыкка шектелген 45 жаштагы оюнчунун үстүнѳн арыз берүүдѳн баш тарткан. Ош милициясы окуяны «кокустук» катары каттоого алган.

Аламан улак — бул улуттук кыргыз оюну. Ал көк бөрү оюнуна окшош, бирок анда ар бир улакчы өзү үчүн ойнойт. Анда ортого ташталган улакты алып, белгилүү бир жерге таштаган оюнчу байгеге ээ болот.