Өзгөндө көмүр шахтасы урап, кытайлык үч киши каза тапты

Ош облусунун Өзгөн районунда Салам-Алик айылына караштуу Кара-Дөбө участкасындагы көмүр шахтасы урап, кытайлык үч киши каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, окуя 20-мартка караган түнү катталган. Кыйроо болжол менен 50 метр тереңдикте болгон. Үч кишини көмүр аралашкан таш басып калган.

Шахтада иштегендер көмүр казган «АБКЕ» компаниясынын кызматкерлери экени айтылды. Маркумдардын бири 51 жашта, экөө 49 жашта болгон.

Учурда сотук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунда эки жолу кар көчүп, «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясынын үч кызматкерин басып калган. Алардын экөө кытай, бирөө кыргыз жараны болгон.

10 күндөн ашык убакыт өткөндөн кийин көчкүнүн алдында калган Адилет Көккөзовдун сөөгү табылган. Бир күндөн кийин 44 жаштагы кытай жаранынын сөөгү табылган. Үчүнчү киши табыла элек.